Эрдоган Стамбулда үчүнчү ири мечит ачты

Режеп Тайып Эрдоган Таксим аянтындагы мечиттин ачылышында. 2021-жылдын 28-майы.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Стамбул шаарынын Таксим аянтында жаңы ири мечит ачты. Мечиттин ачылыш салтанаты 28-майда өтүп, анда Эрдогандын жана миңдеген адамдын катышуусу менен жума намазы окулду.

Талдоочулар Эрдогандын көптөн берки максаты ишке ашканын, ал өзүнүн "АК" партиясынын тарапкерлерине Стамбулдун башкы аянтында диний жай ачууга убада берип келгенин жазышты.

Мечиттин курулушу төрт жыл мурда башталган. Мамлекеттик Anadolu маалымат агенттиги кабарлагандай, 4 миңдей адамды батыра ала турган имараттын ичинде көргөзмө залы, китепкана жана акы төлөбөй тамактанса боло турган ашкана бар.

Дал ушул күнү, 2013-жылдын 28-майында Таксим аянтында өкмөткө каршы акциялар өткөн.

Эрдоган Стамбул шаарында буга чейин эки мечиттин ачылышына катышкан. (RK)

Дагы караңыз

COVID-19: Европада өспүрүмдөрдү да эмдөөгө жол ачылды АКШ Беларуска каршы жаңы санкция жарыяламай болдуМедакадемиянын ректору болуп дээрлик бир добуштан Кудайбергенова шайландыЧек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында кармалган үч тажик жараны УКМКга өткөрүлүп берилген