Төрт айдан бери Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурган мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дагы эки ай абакта болот. Бишкектин Биринчи май райондук соту 21-майда анын бөгөт чарасын 26-июлга чейин узарткан.
Атайын кызмат мурдагы премьер-министрди "өкмөт башчы болуп турганда “Кумтөр Голд” ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго мыйзамды бузуу кол койгон" деп шек санап, 26-январда УКМКнын тергөө абагына киргизген.
УКМК Абылгазиев мамлекеттик кызматта турганда өзүнүн активдерин мыйзамсыз көбөйтүп, аларды мыйзамдаштыруу үчүн Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө кымбат баалуу мүлк сатып алган, тандалма көп кабат үйлөрдү куруу тармагына каржы салган, бул активдерди башка адамдарга жаздырып койгон деп да шек саналууда.
Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылы 20-апрелде өкмөткө келип, 2020-жылдын июнь айында жыштык чырына байланыштуу кызматтан кеткен. (МТа)
Дагы караңыз
Жапаров: Баткенге жакында өзгөчө статус берилетОшто аскер кызматкерлерине батирлер берилди Азиз Суракматов эки айга камалдыОмбудсмен Эсен Мажитовду Кыргызстанга алып келүүгө аракет көрүүдө