Президент Садыр Жапаров Ош шаарында Коргоо министрлигинде жана Чек ара кызматында иштегендерге 216 батирдин ачкычын тапшырды.
Тогуз кабаттуу 3 корпустан турган турак жай 2016-жылы Коргоо министрлигинин акчасына курулган. Анын 56сы чек арачыларга, калганы Коргоо министрлигинин кызматкерлерине берилди.
"Батир 20 жылдан ашуун кызмат кылгандарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө, жолдошу кызмат учурунда каза тапкандарга жана кызмат учурунда майып болгондорго берилет", - деп билдирди коргоо министри Таалайбек Өмүралиев ачкычтарды тапшыруу аземинин алдында.
Садыр Жапаров Баткен облусуна эки күндүк иш сапар менен 27-майда барган. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган айылдарда эл менен жолугушту. Анын сапары 28-майда түштөн кийин Ош облусунда уланды. (МТа/MrA)
Дагы караңыз
Чек ара жаңжалына бир ай, Жапаровдун сапары"Ачык Орусия" кыймылы ишин токтоттуЖаныбек Абировго каршы кылмыш иши териштириле баштадыБашкы прокуратура Суракматовдун кармалышы боюнча кошумча маалымат таратты