Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов ("Бир Бол") мандатын тапшыруу тууралуу арыз жазды. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 28-майдагы отурумунда Пирматовдун арызын карайт.
"Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов мандатын тапшырган Исхак Пирматовдун ордуна мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев депутат болуп келерин билдирди.
Сулаймановдун айтуусунда, Исхак Пирматов партиянын шайлоо астындагы ички келишимине ылайык мандатын өткөрүп берген.
Нурбек Мурашев Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты болгон. Ал 2016-2019-жылдары айыл чарба министри болуп иштеген. (МТа)
Дагы караңыз
Аэропорттогу тажик жарандары мекенине кайтарылдыКыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөнүнө 22 жыл болдуБишкектин мурдагы вице-мэрине сот өкүмү чыкты Мурдагы муфтий тергөөдөн уруксат алгандан кийин Москвага барганын айтты (видео)