Хакерлер АКШ мекемелерине жаңы чабуул койгону аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиялык хакерлер Кошмо Штаттардын өкмөттүк мекемелерине жана аналитикалык борборлоруна жаңы чабуулдарды жасай баштаганын Microsoft компаниясы 27-майда билдирди.

Маалым болгондой хакерлер Эл аралык өнүктүрүү боюнча америкалык агенттиктин (ЮСАИД) электрондук почта системасын бузуп, ал аркылуу башка мекемелерге үч миңдей кат жөнөтүшкөн.

Катта техникага зыян тийгизген шилтеме камтылган.

Microsoft компаниясынын вице-президенти Том Берт өз блогунда билдиргендей, бул чабуул АКШ президенти Жо Байден менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин ыктымал жолугушуусуна үч апта калганда жана эки мамлекеттин ортосунда чыңалуу күч алган маалда катталды.

Берт жаңы чабуулду Орусияга байланышы бар "Nobelium" деген топтон көрүп жатканын жазды. Дал ушул топ 2020-жылы "SolarWinds" деп аталган IT компанияга киберчабуул жасаганы аныкталган.

Жо Байден чабуул үчүн Орусияга санкция киргизген. Кремль мындай дооматтарды четке кагып келет.

Дагы караңыз

Сириянын диктатору Башар Асад шайлоодо жеңдиАскер прокуратурасы Тимур Файзиевге издөө жарыяладыКоронавирустан дагы жети адам каза болду