Сириянын диктатору Башар Асад шайлоодо жеңди

Сириянын диктатору Башар Асад жубайы менен добуш берип жатышат. Дамаск. 26-май, 2021-жыл.

27-майда жарыяланган расмий жыйынтыктарга ылайык, Сириянын диктатору Башар Асад президенттик шайлоодо добуштардын 95% алды. Ал ушуну менен төртүнчү ирет жети жылдык мөөнөткө мамлекет башчысы болду.

Өлкөдө согуш башталган он жылдан бери өткөрүлгөн экинчи президенттик шайлоону оппозиция жана батыш мамлекеттери тааныган жок.

Асаддын бул жолку атаандаштары көпчүлүккө белгисиз эки адам болду. Сирияны элүү жылдан бери Асаддын үй-бүлө мүчөлөрү эч кимге бербей башкарып келишет. Өкмөт 26-майда өткөн шайлоо күнү өлкө боюнча 12 миңден көп добуш берүү бекеттери ачылганын билдирген.

Добуш берүү өлкөнүн күрттөр көзөмөлдөгөн түндүк-чыгышындагы аймактарында жана козголоңчулардын карамагындагы Идлиб провинциясында өткөн жок.

Сириядагы жарандык согуштун тутанганына 2011-жылы Асадга каршы нааразылык акциясына чыккандарды бийлик күч менен басуу үчүн аракети түрткү болгон.

Он жылдан бери токтобой келаткан куралдуу кагылышуулар жарым миллиондой адамдын өмүрүн алды. Миллиондогон кишилер үй-жайын таштап, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушту.

Дагы караңыз

Армениянын министри чек арадагы чыңалуудан улам кызматтан кеттиКазакстанда толук эмделгендердин саны миллиондон аштыЖаңжалда курман болгон үч чек арачыга "Эрдик" медалы ыйгарылды Таласта "Атлах" салгылашуусуна арналган монумент ачылды