Казакстанда коронавируска каршы вакцинанын эки дозасын алгандардын саны 1 миллиондон ашты. Ал эми бир дозасын 2 миллиондон көп киши сайдырганы расмий маалымдалды.
19 миллион калкы бар кошуна мамлекетте коронавируска каршы эмдөө февраль айында башталган. Карагандыда өндүрүлгөн орусиялык «Спутник V» вакцинасынан башка, Кытайдын "Sinopharm" жана жергиликтүү "QazVac" вакциналары колдонулуп жатат.
Ушул апта башынан тартып Казакстанда коронавирус жугузуп алгандардын күнүмдүк көрсөткүчү 1,5–1,8 миңге чейин жетүүдө.
Буга чейин Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой өлкөдө илдетке кабылгандардын саны төмөндөп, «эпидемиологиялык кырдаал акырындап өз нугуна түшүп баратканын» билдирген.
Дүйнөдө коронавируска кабылгандардын саны 168,7 миллиондон ашып, 3,5 миллиондон киши көз жумду.
Дагы караңыз
Коронавирустан дагы жети адам каза болду COVID-19: Кытай вирустун чыгышын аныктоонун айланасындагы "саясий упай топтоону" сындадыCOVID-19: сегиз бейтап каза болду, илдет 376 кишиден аныкталдыКыргызстан Кытайдан 150 миң, Орусиядан 80 миң доза вакцина күтүүдө