Парламентте Баткенге өзгөчө макам берүү долбоору каралып жатат

Баткен шаары.

Жогорку Кеңеш 27-майдагы жыйынында Баткен облусуна өзгөчө макам берүү тууралуу мыйзам долбоорун карап жатат. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев документ боюнча Баткенге жеңилдетилген салыктык, инвестициялык жана мамлекеттик сатып алуу режими киргизилерин айтты.

Анын сөзүнө караганда, Баткенде иштеп жаткан жана жаңы ачылган ишканаларды беш жылдан он жылга чейин жер, мүлк жана пайда салыгынан бошотуу каралууда.

Дагы караңыз

Президент чек ара чырында жабыркаган Максат айылына бардыЖергиликтүү кеңештерде аял депутаттардын саны 38% жеттиАжылык сапар, кемиген миллиондор Темир Сариев Кумтөргө байланыштуу суракка чакырылганы кабарландыЖК: министр Бейшеналиевди кызматтан алуу талабы дагы айтылды

Расмий маалыматка ылайык, Баткендеги 31 айыл өкмөтүнүн 30у дотацияда. Министрлер кабинети Баткен облусундагы мындай айыл өкмөттөрүндөгү билим берүү, маданий объектилерди республикалык бюджеттен түз каржылоо сунушун берди. Муну менен бир жылдын ичинде 6-8 айыл өкмөтү дотациядан чыгат деп божомолдоп жатышат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. 200дөй киши жараат алды. 100дөн ашык үй өрттөлүп, талкаланды.

Жаңжалда тажик тараптан 19 адам набыт болду. Эки өлкө бул үчүн бирин- бири айыптап, кылмыш ишин козгошту. (BTo)