Доллардын баасы кайра 84 сомдон ашты

Кыргызстанда үч апта катары менен арзандаган АКШ доллары 27-майда кайра кымбаттай баштады.

Valuta.kg порталынын маалыматына караганда, 1 доллар эркин акча алмаштыруучу жайларда 84,10 сомго сатылууда. Ал эми Улуттук банктын расмий эсебинде 83,01 сомго теңелип, 0,29% төмөндөгөнү көрсөтүлүп турат.

valuta.kg сайтындагы 15:00гө карата маалымат. 27-май, 2021-жыл.

2020-жылы доллар кескин кымбаттап, 69 сомдон 85 сомго чейин жеткен. Жыл соңунда 82 сомго чейин түшүп, 2021-жылдын январында кайра 84,90 сомго өскөн.

19-майда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов доллардын куну мезгилдик көрсөткүчкө жараша арзандап жатканын билдирген.

Дагы караңыз

Президент чек ара чырында жабыркаган Максат айылына бардыАлександр Лукашенко менен Улукбек Марипов Минск шаарында жолугушатICAO жүргүнчү учакты Минскиге күчтөп кондурууну талкуулайтТемир Сариев Кумтөргө байланыштуу суракка чакырылганы кабарландыАзербайжан армениялык алты жоокерди кармап кеттиИлим Карыпбеков президентке жана УКМК төрагасына кайрылдыДепутат “Азаттыктын” иликтөөсүндө айтылгандарга көңүл бурууга чакырдыЖК: эл аралык донорлордун каражаты тууралуу маалымат угуу сунушталдыКалифорниядагы кол салууда жети адамдын өмүрү кыйылды Бишкек Дүйшөмбүгө кайтарган учактын чыры