Жергиликтүү кеңештерде аял депутаттардын саны 38% жетти

Нуржан Шайлдабекова.

Соңку жергиликтүү кеңештерге шайлоодо аялдардын катышуусунун жыйынтыгы чыгарылды. Бишкекте 27-майда "Аял-депутаттар: күчтүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу" деп аталган жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова жергиликтүү кеңештерде аял депутаттар көбөйгөнүн билдирди.

“Жергиликтүү кеңештеги аялдардын саны бул шайлоодон кийин 11%дан 38%га өстү. “Эмне үчүн аялдар аз добуш алса да депутат болот?” деген нааразычылык да болду. Бул эркек депутаттарды дискредитациялоо эмес. Анткени Конституцияга ылайык 30% квота бирдей мүмкүнчүлүккө жетүү үчүн жасалган чара”.

Дагы караңыз

ЖК: министр Бейшеналиевди кызматтан алуу талабы дагы айтылдыДепутат “Азаттыктын” иликтөөсүндө айтылгандарга көңүл бурууга чакырдыБеларустун асманы "жабылууда"COVID-19: сегиз бейтап каза болду, илдет 376 кишиден аныкталдыБишкек Дүйшөмбүгө кайтарган учактын чыры

Айылдык кеңештерде аялдарга 30% квота каралган мыйзам 2019-жылы кабыл алынган. Мындай эреже быйыл жергиликтүү шайлоодо алгачкы ирет колдонулду.

Кыргызстандагы соңку жергиликтүү кеңештерге шайлоого 5388 аял катталып, жалпы талапкерлердин төрттөн бир бөлүгүн түзгөн. Анда өлкөдөгү 28 шаардык, 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болду.

Айрым аймактарда кыз-келиндер жергиликтүү кеңешке квота менен шайланып келгенине байланыштуу нааразылык чыккан жана мындан улам Боршайком аял депутаттарга бут тоспоого чакырган. (AiA)