Кыргыз-казак чек арасы: “Ак-Тилекте” 80дей автоунаа кезекте турат

“Ак-Тилек” өткөрүү бекетинде кезекте турган автоунаалар. 27-май, 2021-жыл

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы кабарлагандай, 27-майда кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде Казакстанга кирүү үчүн 80дей автоунаа кезекте турат.

Мекеменин маалыматына ылайык, мындай узун тыгын экономика жанданып оор жүк ташыган автоунаалардын көбөйүшүнө дагы байланыштуу. Негизинен Кыргызстандан коңшу мамлекетке, андан ары КМШ өлкөлөрүнө жана Европага жашылча-жемиш ташылып жатат.

Чек ара кызматы Казакстандын жана эпидемиологиялык абалы туруктуу дагы 33 мамлекеттин жарандарына, ошондой эле жүк ташуучу унаалардын кыргыз тарапка өтүүсүнө эч кандай чектөө жок экенин кошумчалады.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги башка өткөрүү пункттарында адамдардын жана унаалардын тыгыны жок.

“Ак-Тилекте” кезек күткөн айдоочулар “Азаттыктын” кабарчысына бекетте 26-майдан бери турушканын, алар ПЧР тесттин 72 сааттык мөөнөтү өтүп кетсе кайра артка кайтарыларын айтып беришти. (BTo/KA)

Дагы караңыз

ЖК: министр Бейшеналиевди кызматтан алуу талабы дагы айтылдыЖК: эл аралык донорлордун каражаты тууралуу маалымат угуу сунушталдыCOVID-19: сегиз бейтап каза болду, илдет 376 кишиден аныкталдыАйзаданын өлүмү: сот жараяны 11-июнга жылдырылдыБишкек Дүйшөмбүгө кайтарган учактын чыры