Калифорниядагы кол салууда жети адамдын өмүрү кыйылды

Окуя болгон жер.

Калифорниянын Сан-Хосе шаарындагы темир жол станциясында 26-майдагы куралдуу кол салууда сегиз киши мерт болду.

CBS телеканалы эртең мененки жыйынга чогулган темир жол жумушчулары бутага алынганын кабарлады.

Ок атууга чейин жергиликтүү транспорт башкармалыгында иштегендердин биринде өрт чыккан.

"Лос-Анджелес таймс" басылмасы кол салган адам кылмышка барардан мурун адегенде үйүн өрттөгөн болушу мүмкүндүгүн жазды. Полиция ушул жоромолду иликтеп жатат, бирок тастыктай элек.

BBC радиосу күч түзүмдөрүнүн маалыматына таянып, кол салган киши 57 жаштагы Сэмюэл Кэссиди экенин, өзү да ошол жерде иштегенин жазды. Ал өзүнө кол салардан мурун тапанчадан башкаларды аткан.

Окуя эртең менен болгондуктан, коомдук транспорт токтоп калды.

Статистикалык маалыматтарга караганда, бул жылы АКШда 12 миң адам октон жабыркап, 150 миңдейи көз жумду. Былтыр 43 жарым миң адам жабыркап, 610 киши өлгөн.

Дагы караңыз

Бажы кызматы бирдиктүү санарип системасы менен иштөөгө өтөтКумтөр-2017: Миллиарддаган экологиялык доодон баш тартууУКМК: мыйзамсыз иштеген майнинг-фермалар аныкталдыДума Навальныйды колдогондорду бутага алган мыйзам долбоорун жактырдыАзери-армян чек арасы: эки өлкө бири-бирин ок атууга айыптадыЖК Баткенге өзгөчө макам берүү тууралуу мыйзам долбоорун карайт Чек ара: Таш-Тумшукта жашагандар көчүрүп кетүүнү суранышты