ЖК Баткенге өзгөчө макам берүү тууралуу мыйзам долбоорун карайт

Баткенге өзгөчө макам берүү тууралуу мыйзам долбоору бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин биринчи окуусунда каралат. Документти Министрлер кабинети даярдаган жана парламенттин тармактык комитетинде колдоо тапкан.

Документке ылайык, Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлүнүн ыйгарым укуктары көбөйөт. Облуста Координациялык кеңеш түзүлүп, атайын салыктык жана инвестициялык режим киргизилет.

Соңку кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. 200дөй киши жараат алды. 100дөн ашык үй өрттөлүп, талкаланды. 50 миңден ашык киши үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду.

Жаңжалда тажик тараптан 19 адам набыт болду. Эки өлкө бул үчүн бирин- бири айыптап, кылмыш ишин козгошту. (MiK)

Дагы караңыз

УКМК Баткендеги май куюучу бекетке Ташиевдин тиешеси жоктугун билдирдиЖыпар Жекшеевдин "Атуулдук ар-намыс ойгонгондо" аттуу китеби жарык көрдүБишкектин мурдагы мэри Суракматов 48 саатка камалганы кабарланды "Талибан” коңшуларын АКШнын базаларына уруксат бербөөгө чакырды Орусия: чек ара чырына айыпталган Мажитов абакта калдыТажик ТИМи жарандарын Кыргызстанга барбай турууга чакырды