Кытай улуттук куткаруучу армиясы Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө техникалык колдоо көрсөттү.
Бүгүн, 26-майда Кытайдан келген аскер техникасын тапшыруу аземи болду. Бул тууралуу Коргоо министрлиги маалымдады.
Аземге коргоо министри Таалайбек Өмүралиев, Кытайдын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвен катышты.
Жардамдын алкагында кыргыз армиясына аскер машиналары, инженердик-чалгындоочу жана байланыш аппараттары келди.
Бул техникалык колдоо эки өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн кызматташтыгы тууралуу келишимдин алкагында ишке ашты. (BCh)
Дагы караңыз
Чек арада ок жеген Чыңгыз Түркияда операция болдуКыргызстан Тажикстан менен чек арасын жаптыАсылбек Жээнбеков абактагы Мелис Аспековду сотко берди Султанбаев: Садыр Жапаров Путин менен аконит тууралуу сүйлөшкөн эмес