Жыпар Жекшеевдин "Атуулдук ар-намыс ойгонгондо" аттуу китеби жарык көрдү

Китептин мукабасындагы Жыпар Жекшеевдин сүрөтү.

26-майда Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетте Кыргызстандын эгемендигине жана демократиялык өнүгүүсүнө салым кошкон коомдук ишмер Жыпар Жекшеевдин жаркын элесине арналган илимий-практикалык жыйын болду.

Жыйынга президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев, Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун директору Абылабек Асанканов баштаган саясий жана коомдук ишмерлер, тарыхчылар, Жыпар Жекшеевдин жакындары катышты.

Иш-чарада маркумдун "Атуулдук ар-намыс ойгонгондо" аттуу китебинин бет ачары да өттү. Жыйнакка Жекшеевдин 1997-жылы жарык көргөн "Чындык бир гана өзүңдө" жана 2003-жылы чыккан "Атуулдук биримдикке чакырам" деген эки китебинен тышкары, доор ураган маалдагы эскерүүлөрү, мезгилдүү басма сөзгө жарыяланган макала-маектери кирген.

Жыпар Жекшеев - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Ашар" козголушунун жана Кыргызстан демократиялык кыймылынын негиздөөчүсү, КДК партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири катары таанымал. ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссияны да жетектеп турган.

Жекшеев "Манас" ордени жана "Даңк" медалы менен сыйланган. Коомдук ишмер 2020-жылдын 21-июлунда 73 жашында дүйнө салган. (MZh)

Атуулдук ар-намысты туу туткан инсан эле