Орусиянын почтасы Кыргызстанга жүк жеткирүү акысын эки эсе арзандатууда

Москвадагы почта кызматкери.

Орусиядан Кыргызстанга почта аркылуу жүк жиберүүнүн баасы эки эсе арзандады.

Бул тууралуу 25-майда Орусиянын почта кызматынын расмий сайтына билдирүү чыкты. Ага ылайык мындан ары бир килограммга жетпеген жүк Кыргызстанга 498 рублга жеткирилет. Мурда бул кызмат 1046 рубль болчу. Жакын арада "Кыргыз почтасы" да Орусияга жүк жеткирүү акысын арзандатары каралууда.

"Орусия Почтасы" акционердик коомунун электрондук коммерция боюнча директору Алексей Скатин акыркы учурда Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн арасында почта менен жүк жеткирүүгө талап 9 пайызга жогорулап, бир жылда 327 миң жүк жеткирүү катталганын айтат.

Скатин расмий билдирүүдө: "Биз жүк жеткирүү наркын арзандатуу менен интернет дүкөндөр жана чакан ишкерлер, соодагерлерге ыңгайлуу шарт түзүүнү көздөдүк. Коронавирус пандемиясынан улам дүйнөдө чакан ишкердик абдан кыйналууда. Өлкөлөр арасындагы соода алаканы мындай кадам жакшыртат деген ишенимдебиз", - деген.

2020-жылдын аягында Армения менен почта байланыш арзандап, орус-армян товар айлануусу мурдагы жылдарга салыштырмалуу 140% жогорулаган.

Орусияда Кыргызстандан барган мигранттардын расмий эсеби 600 миңден ашуун.

Бейрасмий эсеп боюнча 1 миллиондон көп эмгек мигранты бул өлкөдө эмгектенет.

Алар жүк жиберүүнү көбүнесе жеке компаниялар жана адамдар тарабынан ишке ашырат. Орусия менен Кыргызстандын ортосунда интернет соодасы да өнүгө элек. (BCh)

Дагы караңыз

Абактан качууга аракет кылгандардын бирөө өлтүрүлдү Былтыркы ажылык сапарга чогулган акчага 1,8 млн. доллар жетпей турат200дөй тажик жараны "Манас" аэропортунан артка кайтарылдыОоган бийлиги талибдердин колундагы туткундарын бошоттуЧек ара чырына айыпталып, Орусиядан кармалган кыргызстандыктын соту болотЖерүйдөн бюджетке бир айда 140 млн. түштү