Сегиз жылдык тыныгуудан кийин Жалал-Абад-Тамчы авиакаттамы жанданууда

Жалал-Абад аэропорту жаңыланып, пайдаланууга берилгенде тартылган сүрөт. 2018-жыл.

Сегиз жылдык тыныгуудан соң Жалал-Абад шаарынан Ысык-Көлдүн Тамчы аэропортуна авиакаттам жанданууда.

18-июндан тарта "Тез Жет" компаниясы Жалал-Абаддан да Тамчыга түз каттамды ишке ашырат. Аталган компаниядан "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, каттамдын күнүмдүк же апталык болушу жүргүнчүлөрдүн санына жараша аныкталып, анан жадыбал түзүлөт.

Жалал-Абаддан Ысык-Көлдөгү Чолпон-Ата Каракол шаарларына 2000-жылга чейин бир жылдай учак каттаган. Кийин жайында гана мезгилдик авиакаттам уюштурулуп, акыркы каттам 2013-жылы аткарылган.

Дагы караңыз

Абактан качууга аракет кылгандардын бирөө өлтүрүлдү 200дөй тажик жараны "Манас" аэропортунан артка кайтарылдыЖерүйдөн бюджетке бир айда 140 млн. түштүХоккей боюнча Эл аралык федерация Ригада Беларустун желегин алмаштырганды сындадыКыргызстан Тажикстан менен чек арасын жаптыТаласта үйлөрдү сел каптадыМосква: Өрттөн мигранттын эки кызынын өмүрү кыйылды