Чүй облусунун Молдовановка айылында жайгашкан Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматка караштуу №27 колониядан качууга аракет кылган эки адамдын бирөө өлтүрүлдү.
Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган кызматтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова кабарлады.
25-майдан 26-майга караган түнү абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 1963-жылы туулган Т.Т. аттуу жаран менен 1999-жылы төрөлгөн К.И. тосмодон секирип, качууга аракет кылышкан. Колонияны кайтарган аскер кызматкерлери алгач абага ок аткан. Кийин ок атуу уланып, качып бараткандардын бирөө каза болуп, экинчиси кармалган.
Экөө тең адам өлтүрүү, жашы жете электерди зордуктоо боюнча оор кылмышка айыпталып, он жылдан 21 жылга чейин мөөнөткө камалгандар болгон.
Ыкчам тергөө тобу качууга аракет кылган учурду иликтей баштады. Окуя кылмыш жана жазалардын бирдиктүү реестрине катталды.
Молдовановка айылындагы №27 колонияда оор кылмыш жасагандар, террорчулукка айыпталгандар жаза мөөнөтүн өтөшөт. (BCh)
Дагы караңыз
Былтыркы ажылык сапарга чогулган акчага 1,8 млн. доллар жетпей турат200дөй тажик жараны "Манас" аэропортунан артка кайтарылдыОоган бийлиги талибдердин колундагы туткундарын бошоттуЧек ара чырына айыпталып, Орусиядан кармалган кыргызстандыктын соту болот