Таластагы Жерүй алтын комбинаты ишке киргенден тартып бир айда мамлекеттик бюджетке 140 миллион сом түштү. Бул акча апрель айы үчүн төлөнгөн салык жана жергиликтүү инфратүзүмдү өнүктүрүүгө кеткен чыгым. Мындай маалымат кенди иштеткен “Альянс алтын” компаниясынын сайтына жарыяланды.
Жергиликтүү инфратүзүмдү өнүктүрүүгө төлөнгөн акча комбинат тапкан кирешенин 2% түзөт. Аны үч фонд ич ара бөлүштүрөт. 50% облусту, 30% районду өнүктүрүү фондуна кетет. Калган 20% кен чыккан жердеги жергиликтүү бюджетке чегерилет.
Жерүй кени 2015-жылы аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Кен иштетүү укугу «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасына тийген. Анын карамагында «Альянс алтын» ишканасы түзүлгөн. Компаниянын аталган кенди иштетүүгө укук берген лицензиясы 2035-жылга чейинки мөөнөткө берилген.
Алтын иштетүүчү комбинаттын ачылышы быйыл 17-мартта президенттер Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин катышуусунда өткөн.
Жерүй көлөмү боюнча Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки 2-орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөргө ылайык кенде 84 тонна алтын, 25 тоннадан ашуун күмүштүн запасы бар. (MiK)
Дагы караңыз
Хоккей боюнча Эл аралык федерация Ригада Беларустун желегин алмаштырганды сындадыТаласта үйлөрдү сел каптадыБайден менен Путин 16-июнда Женевада жолугатБишкек-Минск-Бишкек аба каттамы ачылатӨкмөт четте каза тапкан жарандардын сөөгүн акысыз жеткиретАйзаданын өлүмү боюнча кылмыш иши кыскарды