Мелис Аспековдун үстүнөн сот жараяны башталды

Мелис Аспеков. Биринчи май райондук сотунда. 21-май, 2021-жыл.

25-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жарандык активист Мелис Аспековдун үстүнөн “Опузалап талап кылуу” беренеси менен козголгон иш карала баштады. Сот залына шектүүнү алып келишкен жок, ал №1 тергөө абагынан видео байланыш аркылуу катышты.

Аспеков өзүнө коюлган айыпка макул эместигин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аны акча алып жаткан жеринен кармабаганын журналисттерге айтты. Кийинки соттук отурум 8-июнга дайындалды.

Жарандык активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураев “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен быйыл 8-январда кармалган. УКМК экөөнө каршы Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-майда Улан Жураевди күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул салганы белгилүү болду.

24-майда Мелис Аспековго каршы Жазык кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен дагы бир кылмыш иши ачылганы маалым болгон.

8-январдан бери УКМКнын тергөө абагында отурган Мелис Аспеков экинчи айып тагылгандан кийин, 21-майда №1 тергөө абагына которулган. Ал муну “коркутуу аракети” деп баалаган.

Аспеков 14-майда “Фейсбуктагы” баракчасына Садыр Жапаров шайлоо компаниясына экс-президент Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөсүнөн 10 миллион доллар алганы тууралуу жазган. Президенттин басма сөз кызматы бул маалыматты төгүндөгөн.

Ички иштер министрлиги Аспековдун билдирүүсүн иликтеп-тергей баштаган.

38 жаштагы Аспеков былтыр октабрдагы бийлик алмашууда Садыр Жапаровдун жанында жүргөн. (BTo)

Дагы караңыз

Навальный ага каршы жаңы кылмыш иши козголгонун билдирдиКастыкты козутууга айыпталган ооганстандык качкын абактан чыкты Москвада кыргызстандык эки секелек өрттө набыт болдуКыргызстан: былтыр эл аралык донорлор 374 миллион доллар бергенCOVID-19: пандемия Азияда күчөп жататБлинкендин Жакынкы Чыгышка сапары башталды