Сот Аспеков менен кошо айыпталган Жураевге айып пул салды

Улан Жураев.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен Улан Жураевди күнөөлүү деп таап 260 миң сом айып пул салды. Мындай өкүм 11-майда эле чыкканы 25-майда гана белгилүү болду. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Жарандык активисттер Улан Жураев менен Мелис Аспеков “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен быйыл 8-январда кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет экөөнө каршы Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Улан Жураев тергөө менен кызматташууга барганы үчүн 23-январда үй камагына чыккан. Аны менен кошо шек саналып жаткан Мелис Аспеков №1 тергөө абагында отурат. Ал алдамчылыкка айыпталып, дагы бир кылмыш иши козголгон. (BTo)

Дагы караңыз

Москва: өрт кыргызстандык эки секелектин өмүрүн алды“Коопсуз шаар-2” мөөнөтүнөн кечикти Кыргызстан: былтыр эл аралык донорлор 374 миллион доллар бергенАйзаданын өлүмү боюнча кылмыш иши кыскарды Момбеков: “Коопсуз шаар” боюнча кытайлык компания менен келишимди токтотуш керекАрча-Бешик конушунда мыйзамсыз берилген жерлер мэрияга кайтарылды