Кастыкты козутууга айыпталган ооганстандык качкын абактан чыкты

Кыргызстандын Жогорку соту "Фейсбуктагы" комментарийи үчүн 5 жылга камалган ооганстандык качкын Камран Шенвариге карата мурдагы чечимди өзгөрттү. "Медиа Полиси институту" кабарлагандай, сот ишти 25-майда карап, жазаны 300 миң сом айып пулга алмаштырды.

Райондук сот Камран Шинварини Кыргызстандын Жазык кодексинин "Расалык, этностук, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу" беренеси менен айыптуу деп таап, 2020-жылдын октябрында беш жылга камоо тууралуу чечим чыгарган. 2021-жылдын февралында Бишкек шаардык соту ал чечимди күчүндө калтырган.

Айыпталуучу жана анын адвокаты анын атынан фейк аккаунт комментарий жазганын билдиришкен.