Кыргызстанда 80 миңден ашуун адам коронавируска каршы вакцина алды

Кыргызстанда 80 миңден ашуун адам коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова "Азаттыкка" билдирди.

Кытайдын Sinopharm препаратын 25-майга карата 67 400дөй адам, Орусиянын Sputnik-V вакцинасын 14 миңден ашуун адам алды.

Бир адам эки жолу эмделет, биринчи жана экинчи дозанын ортосунда 21 күндүк тыныгуу болот.

Кыргызстанга Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы келген, ал 75 миң кишиге жетет. Sputnik-V 40 миң доза алынган, ал 20 миң кишиге сайылат.

Орус вакцинасы 65 жаштан улуу жана өнөкөт оорусу барларга, Кытайдыкы каалоочулардын баарына сайылып жатат.

Июнда британия-швециялык "AstraZeneca" вакцинасынын 210 миң кишиге ылайыкталган дозасы келери айтылган.

Өлкөдө коронавирус катталган 2020-жылдын мартынан бери расмий эсеп боюнча ооруну 103 000​ адам жугузуп алды. Алардын 1700дөн ашууну каза болуп, 96 433ү айыкты.

Дагы караңыз

Кыргызстанда уюк операторлор былтыр 8 млрд. сомдон ашык киреше таптыМомбеков: “Коопсуз шаар” боюнча кытайлык компания менен келишимди токтотуш керекӨлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиКыргызстанда быйыл 61 546 өспүрүм мектепти аяктоодоКыргызстанда үч апта катары менен доллар арзандап жатат