Арча-Бешик конушунда мыйзамсыз берилген жерлер мэрияга кайтарылды

Бишкектин четиндеги жаңы конуш (иллюстрациялык сүрөт).

Бишкек шаарынын Ленин районунда жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен, баасы 28 миллион 273 миң сомго бааланган жер тилкелери мэрияга кайтарылды.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары 2005-жылы Арча-Бешик жаңы конушундагы беш жер тилкесин турак үй куруу үчүн мыйзамсыз түрдө жеке жактарга берип жиберишкен.

Прокуратура тиешелүү документтерди жокко чыгаруу жөнүндө прокурордук акты менен сотко кайрылган. Жыйынтыгында прокуратуранын доо арызы толук канааттандырылып, жер тилкелери мамлекеттин менчигине алынды. (BTo)

Дагы караңыз

Сот бийлигинин ишин жөнгө салган мыйзам долбоорлору талкууга коюлдуКыргызстанда үч апта катары менен доллар арзандап жатат Бокоев: Жаңы акимдер шайлоодо бийликке иштебейт деген кепилдик жокКыргыз-тажик чек арасы: Орусия ортомчу болгусу келетДүйнөлүк банк Кыргызстанга 17 млн. доллар беретОрусияда каза болгон кыргызстандыктын өлүмү иликтенет