Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 17 миллион доллар берет. Анын тең жарымы грант катары бөлүнөт. Калганы 38 жылга 0,75% менен насыя катары берилет.
Экономика жана финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, бул акча аймактарды өнүктүрүүгө, экономикалык жана социалдык инфратүзүм объектилерин колдоого жана COVID-19 илдетине каршы күрөшүүгө жумшалат.
12-майда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы коронавируска каршы күрөшкө 20 миллион доллар берерин билдирген. Министр бул акчага “Кытайдын "SinoPharm" вакцинасын сатып алабыз” деп билдирген.
Кыргызстанда Кытайдын "Sinopharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Анын алкагында орусиялык "Спутник V" вакцинасы толугу менен сайылып бүтүп, экинчи дозасы гана калды.
Июнь айында "Asrta Zeneca" вакцинасынын 210 миң дозасы COVAX программасынын алкагында келери күтүлүүдө. Ошондой эле кыргыз өкмөтү Кытай менен Орусиядан да вакцина алуу тууралуу сүйлөшүп жатат. (MiK)
Дагы караңыз
Депутат Иманалиев генералдардын, полковниктердин көбөйгөнүн сындадыГуттериш дүйнө COVID-19га каршы “согуш абалында” турганын эскерттиУКМК Аспековго коюлган экинчи айып тууралуу түшүндүрмө берди Садык Шер-Ниязга Казакстандын "Достык" ордени ыйгарылды Путин: Орусия кыргыз-тажик чек ара маселелерин чечүүгө көмөктөшөтОш: сот адам уурдоого шек саналган жаранды үй камагына чыгарды"Ryanair": Протасевичтин окуясы "мамлекет колдогон каракчылык"