Милиция Чүйдүн Панфилов районунда жашаган эки аялды улут аралык кастыкты козутууга айыптап, кармады. Алар Жазык кодексинин 313-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу") боюнча шектелип жатат.
“5-майда “Вотсап” аркылуу аудио тараган. Анда Чалдовар айылындагы тажик жарандарына карата чагымчыл маанайдагы билдирүүлөр жазылган. Үн жазууга тиешелүү экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы менен бул билдирүүдө улут аралык кастыкты козутууга чакырык бар экендиги такталды”, -деди Чүй облустук милициясынын басма сөз катчысы Назира Имангазиева.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында бул ишке тиешеси бар 20 жана 23 жаштагы аялдар кармалып, милициянын убактылуу жайына киргизилген. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат. (MiK)
Дагы караңыз
Депутат Иманалиев генералдардын, полковниктердин көбөйгөнүн сындадыГуттериш дүйнө COVID-19га каршы “согуш абалында” турганын эскерттиУКМК Аспековго коюлган экинчи айып тууралуу түшүндүрмө берди Садык Шер-Ниязга Казакстандын "Достык" ордени ыйгарылды Путин: Орусия кыргыз-тажик чек ара маселелерин чечүүгө көмөктөшөтОш: сот адам уурдоого шек саналган жаранды үй камагына чыгарды