Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоо 19-июнга чейин кайра дайындалып бүтүшү керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов “Азаттыкка” билдирди.
Аталган үч шаарда 11-апрелдеги добуш берүүнүн жыйынтыгы административдик ресурс, добуш сатып алуу маселелеринен улам жокко чыгарылган.
Шайлоо мыйзамдарына ылайык, президент Садыр Жапаров добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин 30 күндүн ичинде кайра шайлоо дайындашы керек. Датасы такталган соң БШК шайлоону 40 күндүн ичинде өткөрөт.
Буга чейинки шайлоонун жыйынтыктары Токмокто 3-майда, Ошто 11-майда, Бишкекте 19-майда жокко чыгарылган. Мыйзамга ылайык, эми кезектеги добуш берүү Токмокто 3-июнга чейин, Ошто 11-июнга чейин, Бишкекте 19-июнга чейин дайындалышы кажет.
Шаардык кеңештерге шайлоо партиялык тизме менен болот.
Дагы караңыз
Бирманын бийликтен кулатылган лидери Су Чжи сотко келдиДепутат Иманалиев генералдардын, полковниктердин көбөйгөнүн сындады"Eurovision" сынагын уткан ырчы баңгизат аныктаган тесттен өтөтЕвропа лидерлери Беларус бийлигине санкцияны күчөтүүгө үндөп жатышат"Кыргызалтын" 29 млн. доллар мыйзамсыз которулганын төгүндөдүИталияда асма жолдогу кырсыкта 14 адам набыт болду COVID-19: алты бейтап каза болду, оору 191 кишиден аныкталды Борборго 65 метрлик "Бишкек Тауэр" мунара куруу сунушталды