Индияда COVID-19дан көз жумгандардын саны 300 миңден ашты

Индиянын Калькутта шаарында вакцина күткөндөр, 12-май 2021-жыл.

Индияда COVID-19 илдетинен кайтыш болгон адамдардын расмий саны 303 730 кишиге жетти. Пандемия башталгандан бери коронавирусту жугузуп алганы ырасталган жарандардын саны 26 миллиондон ашты.

Расмий статистикага ылайык, Индия илдеттен каза тапкандардын саны боюнча АКШ жана Бразилиядан кийинки үчүнчү өлкө болуп калды. Адистер өлкөдө илдеттен кайтыш болгондор менен ага чалдыккандардын саны алда канча көп экенин билдиришүүдө.

Индияда соңку бир канча аптадан бери коронавирус күч алып, ооруканаларда орун, жасалма дем алдыруучу аппараттар жетишсиз болуп жатат.

Эмдөө процесси тездегендиктен АКШ менен Европада коронавирустун жайылышы басаңдап баратат. Кошмо Штаттарда бир күндө вирусту жугузуп алгандардын саны соңку 11 ай ичиндеги эң төмөнкү чегин көрсөттү.

Британ өкмөтү эгер калк эрежелерди сактоону уланта берсе, 21-июнда карантиндик чектөөлөрдү алуунун акыркы этабы баштала турганын жарыялады.

Чехиянын бийлиги 14-июндан тарып, бир катар чектөөлөрдү алат, анын ичинде ресторандардын ишине жана концерттерге уруксат берет.

10 миллиондой калкы бар Венгрияда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алгандардын саны 5 миллиондон ашты. Мындан улам өлкө бийлиги чектөөлөрдү жумшартууну көздөп жатат.

Дагы караңыз

Европа лидерлери Беларус бийлигине санкцияны күчөтүүгө үндөп жатышат"Кыргызалтын" 29 млн. доллар мыйзамсыз которулганын төгүндөдүИталияда асма жолдогу кырсыкта 14 адам набыт болду COVID-19: алты бейтап каза болду, оору 191 кишиден аныкталды 25-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат