Сузак: эстен танганча сабалган уландын окуясы иликтенип жатат

Милиция кызматкерлери. Иллюстрациялык сүрөт. Кабардагы окуяга тиешеси жок.

Жалал-Абаддын Сузак районунда 17 жаштагы жигиттин эстен танганча сабалышынын чоо-жайын милиция иликтеп-териштирип жатат. Аны токмоктогон деген шек менен төрт өспүрүм кармалып, 23-майда үй камагына алынган.

Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, жабыркаган жигит 22-майга караган түнү Жалал-Абаддагы клиникалык ооруканага түшкөн. Милици окуяны Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден-соолукка оор зыян келтирүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Дагы караңыз

COVID-19: алты бейтап каза болду, оору 191 кишиден аныкталды Кыргызстандагы бардык райондун акимдери ротация болдуКоронавируска каршы 72 миңден ашык киши эмделдиЖурналист Канат Каниметов тергөөчүгө каршы сотко даттандыПутин менен Жапаров Сочиде чек ара маселесин да талкуулайт