Кыргызстанда 71 миңдей адам коронавируска каршы эмделди

Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 71 774 киши вакцина алды. Алардын ичинен 22 520сына экинчи доза сайылды.

Кыргызстанда Кытайдын "Sinopharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Анын алкагында орусиялык "Спутник V" вакцинасы толугу менен сайылып бүтүп, экинчи дозасы гана калды.

Расмий маалыматка караганда 24-25-майга чейин 75 миң кишиге эсептелген Кытайдын Sinopharm вакцинасы да бүтөт. Андан соң июнь айында Asrta Zeneca вакцинасынын 210 миң дозасы COVAX программасынын алкагында келет. Ошондой эле кыргыз өкмөтү Кытай менен Орусиядан дагы вакцина алуу тууралуу сүйлөшүп жатат.

Кыргызстанда коронавирустан 1751 бейтп көз жумду. Бул ооруну 102 миңден ашык киши жугузуп алып, анын 95 миңдейи сакайып чыкты.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Бишкекте айрым маданий мекемелер карантинге алынып, эл көп катышкан иш-чараларга тыюу салынган. (MiK)

Дагы караңыз

Марипов: Кыргыз-тажик чек арасында кыймыл толук токтодуАКШ  менен Түштүк Кореянын президенттери жолугуштуКыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов Эверест чокусун багындырдыКыргызстанда билим берүүнүн жаңы программасы иштелип чыктыЖалал-Абад курортунун кызматкерлери Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдоштуМарипов: Кымбатчылыкты ооздуктоого аракет кылуудабызТүркияда Кыргызстандын ардактуу консулу коронавирустан көз жумду