Италияда фуникулёр кулап тогуз адам мерт болду

Италиянын куткаруу кызматынын жумушчуры

Жекшембиде Италиянын түндүгүндө Лаго Маджоре көлүнүн жээгинен Монтероне тоосуна тартылган асма жолдо илинген фуникулёр кабинасы кулап тогуз адам каза болду. Кабинада 11 адам болгон. Эки бала жараат алган.

Кырсыкка асма жолго керилген темир зымдын үзүлүп кеткени себеп болгон. Кабина токтоочу жерге жетип калганда 10 метр бийиктиктен кулаган. Кырсыктын чоо-жайы иликтенип жатат.

Алдын-ала айтылып жаткан маалыматтарга караганда, кулаган фуникулёр коронавируска байланыштуу эс алуудан кийин эми эле алгачкы каттамын баштаган. Мындан улам кабинага чектелүү адам гана чыккан болчу. Фуникулёрго жалпы 40тай адам батмак.

Дагы караңыз

Эл артисти Алиман Жанкорозованын элесине арналган китеп чыктыМирзиёев: Аба жана темир жол каттамын калыбына келтирели Минск Литвага бараткан учакты мажбурлап кондурдуCOVID-19: дагы сегиз киши каза болду, 325 кишиден жаңы аныкталдыЖоочулардын чабуулунда пакистандык жоокер өлтүрүлдүКытайда марафондун 21 катышуучусу тоңуп өлдү