Марипов: Кыргыз-тажик чек арасында кыймыл толук токтоду

Улукбек Марипов

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов олуттуу маселелер чечилмейинче кыргыз-тажик чек арасындагы кыймылды толук токтотуу тууралуу чечим кабыл алынганын билдирди. Бул тууралуу ал “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

“Чек ара маселесин чечүү үчүн күч-аракеттер жумшалууда. Делимитация жана демаркация иштери аркылуу биз чек араны чыңдоо максатын койдук. Ал үчүн зарыл иштер аткарылып жатат. Бул жаатта жергиликтүү тургундардын ролу чоң. Ошондуктан элди сабырдуулукка чакырам”, - деп жазылган.

Быйыл 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык, 19 тажикстандык каза болгон. Эки өлкө бирин бири айыптап кылмыш ишин козгоду. (MiK)

Дагы караңыз

Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов Эверест чокусун багындырдыКыргызстанда билим берүүнүн жаңы программасы иштелип чыктыЖалал-Абад курортунун кызматкерлери Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдоштуМарипов: Кымбатчылыкты ооздуктоого аракет кылуудабызТүркияда Кыргызстандын ардактуу консулу коронавирустан көз жумдуCOVID-19: дагы сегиз киши каза болду, 325 кишиден жаңы аныкталды"Eurovision-2021" ыр таймашында Италия жеңди