Жоочулардын чабуулунда пакистандык жоокер өлтүрүлдү

Пакистан. Жардыруудан кийинки көрүнүш

Түндүк Вазирстандагы Хайбер-Пахтунхва провинциясындагы аскердик күзөткө кол салуу болуп, андагы аскерлер болжол менен Ооганстан тараптан өтүп келген жоочулардын чабуулунун мизин кайтарышты.

Ок атышуу учурунда Пакистандын бир жоокери каза болду. Бул тууралуу 23-майда Пакистандын аскер жетекчилиги билдирди.

Азырынча бул кол салуу үчүн кайсы бир тарап жоопкерчиликти өзүнө ала элек.

Пакистандын аскер жетекчилиги тараткан билдирүүдө Ооганстандан анын аймагы тараптан чек араны көзөмөлдөө тууралуу дайыма өтүнүч берилип келгени көрсөтүлгөн.

Ал эми Ооганстандын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Фавад Аман буга жооп кайтарып, анын өлкөсүнүн аймагында жоочулардын очоктору жок экенин, террорчулар адатта Пакистандагы базалардан Ооганстандын аймагына кирип, кол салууларды уюштуруп жатышканын белгилеген.

Пакистандын Түндүк Вазирстан уруулар аймагы жергиликтүү жана чет элдик жоочулардын очогу болуп келген.