Кыргызстанда билим берүүнүн жаңы программасы иштелип чыкты

Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги 2021-2023-жылдар аралыгында жогорку окуу жайлардагы билим берүүнүн "Университет 4.0" аттуу программасын иштеп чыкты.

Программанын максаты – түрдүү изилдөөлөр жана чыгармачыл долбоорлор менен экосистеманы түзүү. Ошондой эле мезгил талаптарына жооп берген билим берүү программаларын, илимий изилдөөлөрдү башкаруунун рационалдуу системасын иштеп чыгуу максаты коюлган.

Жаңы формат профессордук-окутуучулар курамы жана окумуштуулар үчүн таланттарды тандап алуунун, өнүктүрүүнүн жана шыктандыруунун эффективдүү системасын камтыйт.

"Программа таланттуу жаштарды, анын ичинде чет өлкөлүк абитуриенттерди тартууга жана илимий кызматкерлердин жөндөмүн арттырууга багытталган", - деди билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров.

Кыргызстанда 50 жогорку окуу жайы бар. Алардын 31и мамлекеттик, 19у жеке менчик. (MiK)

Дагы караңыз

Жалал-Абад курортунун кызматкерлери Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдоштуМарипов: Кымбатчылыкты ооздуктоого аракет кылуудабызТүркияда Кыргызстандын ардактуу консулу коронавирустан көз жумдуCOVID-19: дагы сегиз киши каза болду, 325 кишиден жаңы аныкталды"Eurovision-2021" ыр таймашында Италия жеңдиБеларус активисти абакта каза болдуЮбилейге чогулган классташтар Баткенде жабыркагандарга үй куруп беришет