Түркияда Кыргызстандын ардактуу консулу коронавирустан көз жумду

Иллюстрациялык сүрөт.

22-майда Кыргызстандын Түркиядагы Кайсери шаарындагы ардактуу консулу Мустафа Курт каза болгону кабарланды. Бул тууралуу маалыматты консулга караштуу «Башкент» платформасы жазды.

Маркум Мустафа Курт 2007-жылы ардактуу консул макамын алган. Ал Түркияда жеке ишкердик менен алектенип, эки өлкөнүн ортосунда инвестиция боюнча иш-чараларды уюштуруп келген.

Мустафа Курт жазуучу жана журналист болчу. Курт маданий иш-чараларды жетектеп, кыргызстандык студенттерге колдоо көрсөтүп келген.

Мустафа Курт коронавирус илдетине чалдыгып, бир канча жумадан бери ооруканада дарыланып жаткан. (ElB)

Дагы караңыз

COVID-19: дагы сегиз киши каза болду, 325 кишиден жаңы аныкталды"Eurovision-2021" ыр таймашында Италия жеңдиЮбилейге чогулган классташтар Баткенде жабыркагандарга үй куруп беришетБеларус активисти абакта каза болдуБаткенге Калкты тейлөө кызматынын кошумча филиалдары ачылатВакцина чырына байланыштуу Ленин райондук ооруканасынын башкы врачы иштен кеттиЖол кырсыгына катышкан депутаттын уулунун иши токтотулдуАба ырайы: күн ысыйтКыргызстандагы бардык райондун акимдери ротация болду