Жалал-Абад шаарындагы курорттун 20дай кызматкери мекеменин жетекчилиги кысымга алынып жатканын билдиришип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдошту. Курорттун кызматкери Жумалы Апиевдин «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланган тасмада ал:
«Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев биздин жетекчибизди жана анын орун басарын кызматтан алам деп өзүнө кайра-кайра чакырып, жамааттын тынчын алып жатат. Бул маселе Ташиевдин көзөмөлүндө деген сөздөр болуп жатат. Ушундан улам сизге кайрылып жатабыз», - деген.
Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад санаторийинин кадрдык маселесине тиешеси жок экенин айтууда.
Былтыр декабрда аталган курортту басып алуу аракети болгону кабарланган. Имаратка киргендер УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин колдоосу менен келгенин айтышкан.
Атайын кызмат ошол замат билдирүү таратып, ага Ташиевдин тиешеси жоктугун жана мындай тапшырманы бербегенин билдирген.
Жалал-Абад санаторийинин жетекчисинин кызмат ордуна байланыштуу талаш маал-маалы менен болуп турат.
500гө чукул адам иштеген Жалал-Абад санаторийи кесиптик кошуундар уюмуна карайт. (TB/MiK)
Дагы караңыз
COVID-19: дагы сегиз киши каза болду, 325 кишиден жаңы аныкталды"Eurovision-2021" ыр таймашында Италия жеңдиЮбилейге чогулган классташтар Баткенде жабыркагандарга үй куруп беришетБеларус активисти абакта каза болдуБаткенге Калкты тейлөө кызматынын кошумча филиалдары ачылатВакцина чырына байланыштуу Ленин райондук ооруканасынын башкы врачы иштен кеттиЖол кырсыгына катышкан депутаттын уулунун иши токтотулдуАба ырайы: күн ысыйт