Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан дагы сегиз бейтап каза болду. Алардын тертөө Бишкекте, үчөө Чүйдө, бирөө Ысык-Көл облусунда катталды. Муну менен илдеттен каза тапкандардын саны 1751 кишиге жетти.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 23-майдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада 325 кишиден вирус жаңы аныкталды. Анын көбү Бишкекте (262).
Мурда ооруп жаткандардын ичинен 365 киши сакайып чыкты.
Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда 102 511 киши вирус жугузуп алды. Анын 95 811и сакайды.
Учурда 1555 киши стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 81 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды.
Соңку күндөрү COVID-19 илдетинен көз жумгандар көбөйүп, май айынын башынан бери эле 147 бейтап жашоо менен кош айтышкан.
Кыргызстанда Кытайдын "Sinopharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Расмий маалыматка ылайык, ушул күндөрү 70 миңге жакын киши вакцина алды.
Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Бишкекте айрым маданий мекемелер карантинге алынып, эл көп катышкан иш-чараларга тыюу салынган. (MiK)
Дагы караңыз
Беларус активисти абакта каза болдуЮбилейге чогулган классташтар Баткенде жабыркагандарга үй куруп беришетБаткенге Калкты тейлөө кызматынын кошумча филиалдары ачылатВакцина чырына байланыштуу Ленин райондук ооруканасынын башкы врачы иштен кеттиЖол кырсыгына катышкан депутаттын уулунун иши токтотулдуАба ырайы: күн ысыйт