Юбилейге чогулган классташтар Баткенде жабыркагандарга үй куруп беришет

Чек арадагы жажалда талкаланган үйлөрдүн бири.

Ош шаарынын Ж.Атабаев атындагы орто мектебин 2001-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөрү юбилейлик салтанаттын ордуна Баткенде жабыркаган бир үй-бүлөгө турак-жай куруп берүүнү чечишти.

"Азаттык" демилгечилер менен сүйлөшкөндө, алар башкаларды да бул саамалыкты улантууга чакырышты.

Быйыл 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык, 19 тажикстандык каза болгон.

Коогада чектеш аймактагы кыштактарда ондогон үйлөр күйүп кеткен. Жаңы имараттарды курууга өкмөт менен кошо жеке ишкерлер да жардам берүүдө.