Юстиция министрлигинин Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруу бул мекеменин башчысынын орун басары Залкарбек Карыбековго жүктөлдү. Тиешелүү жарлыкка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.
Буга чейин Мамкаттоону жетектеп келген Акын Мамбеталиев өз арызы менен кызматтан кеткени кабарланды. Ал бул кызматка ушул жылдын февраль айында дайындалган.
Март айында Кыргызстанда жалпы жарандык паспортту (чет өлкөгө чыгуу үчүн паспорт) даярдоодо кризис жаралып, ошол кездеги премьер-министр Улукбек Марипов Мамбеталиевге жана орун басары Тилек Батыркановго сөгүш жарыялаган. (МТа)
Дагы караңыз
Жапаров: ЕАЭБдеги интеграция Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багытПутин менен Жапаров кыргыз-тажик чек арасын да талкуулайтПакистанда жардырууда алты киши набыт кеттиИзраил менен Палестинада миңдеген адам жеңишти майрамдап жатат