Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) ички рыногундагы тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү жоюу интеграциянын негизи боло алат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-майда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынында сүйлөп жатып айтты.
Видеоконференция форматында өткөн жыйынга Жапаров менен кошо Армениянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян, Беларус президенти Александр Лукашенко, Казахстан президенти Касым-Жомарт Токаев жана Орусия президенти Владимир Путин катышты.
Жыйынга Казакстанстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев ЖЕЭКтин ардактуу төрагасы катары, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Кубанын президенти Мигель Диас-Карнель Бермудес байкоочу өлкө лидерлери катары катышышты.
Кыргызстандын башчысы энергетика, соода-сатык, кызмат көрсөтүү, каржы рыногу, эмгек миграциясы, коронавируска каршы күрөш багытындагы кызматташтык боюнча да пикирин айтып, бул уюм алкагында интеграция өлкө үчүн артыкчылыктуу багыт экенин жана ошондой бойдон кала берерин белгиледи.
ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.
Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган.
Уюмдун ичинде фитосанитардык нормалар жана талаптар бар.
Соңку жылдары ЕАЭБге мүчөлүк Кыргызстанга пайда алып келбегени тууралуу пикирлер парламентте айтылып, уюм ичиндеги пикир келишпестиктер тууралуу өкмөт да билдирген.
Биримдик ичинде тоскоолдуктар алынбаса Кыргызстан сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүн караштырарын айтып чыккан. (RK)
Дагы караңыз
Жапаров: ЕАЭБ күчүн экономиканы калыбына келтирүүгө жумшаш керекИзраил менен Палестинада миңдеген адам жеңишти майрамдап жататНарын: "йакын инкарчы” диний ишениминен баш тарттыМелис Аспеков №1 тергөө абагына эки айга камалды