Москва Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусунда сөз боло турган темаларды атады. Эки президенттин жолугушуусу 24-майда Орусиянын Сочи шаарында өтөт.
Кремлдин маалыматына караганда, бул жолугушууда кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштыгы, евразиялык аймактагы интеграциялык кызматташтыкка байланышкан темалар сөз болот. “Ошондой эле актаулдуу регионалдык көйгөйлөр, анын ичинде кыргыз-тажик чек арасындагы туруктуулукту бекемдөө каралат” деп айтылат Кремлдин маалыматында.
Сочидеги жолугушууну утурлай кыргыз президенти Садыр Жапаровдун маалымат кызматы да маалымат таратты. Анда "мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун жана евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелерин талкуулаша" айтылат.
"Регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУ алкагындагы коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы байланыштарга өзгөчө көңүл бурулат. Жолугушууда ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы көрүлүп жаткан чараларды, анын ичинде орус вакциналарын Кыргыз Республикасына жеткирүүнү талкуулоо пландаштырылууда" деп айтылат Кыргызстандын президенттик администрациясынын 21-майдагы маалыматында.
10-майда Садыр Жапаров Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Баарлашуунун жыйынтыгында Жапаров ушул айдын этегинде Москвага иш сапар менен барары белгилүү болгон.
28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Тажик тараптан 19 адам набыт болду. Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошту.