Пакистанда жолдун боюна коюлган бомба жарылып, алты киши набыт болду. Бир нече киши жараат алды.
Өлкөнүн түштүк-батышындагы Балужистан провинциясындагы Чаман шаарында болгон кол салуу үчүн эч ким жоопкерчиликти мойнуна алган жок.
Окуя "Жамиат Улема-и-Ислам" партиясынын жергиликтүү лидеринин автоунаасы өтүп бараткан маалда болгон. Абдул Кадир палестиндиктерди коргоо акциясына бараткан.
Белужистандагы коопсуздук күчтөрү он жылдан ашуун козголоңчулар менен күрөшүп келет. Ал жактагы сепаратистер толук автономия же жергиликтүү эл үчүн газ менен минералдык ресурстардын көбүрөөк бөлүнүшүн талап кылып келишет. Аймакта пакистандык талибдер жана башка жоочулар да бар.
21-майда Пакистандын башка аймактарында да миңдеген адамдар палестиндиктерди колдогон акцияга чыкты. Баш калаа Исламбадда депутаттар парламент алдына жүрүшкө чыгышты. Аларга бийликтеги "Техрик-и-Инсааф" партиясынын өкүлдөрү да кошулду. Пакистандын Израил менен дипломатиялык байланышы жок.
Дагы караңыз
Израил менен Палестинада миңдеген адам жеңишти майрамдап жататНарын: "йакын инкарчы” диний ишениминен баш тарттыМелис Аспеков №1 тергөө абагына эки айга камалды“Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзам үчүн кол топтоо улантыла баштады