22-майда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 25…30;
Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 24…29;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;
Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…-9, күндүз 3…8 градус болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 27…29 градус болот.
Дагы караңыз
Израил менен Палестинада миңдеген адам жеңишти майрамдап жататБритан ханзаадалары "Би-би-бисини" апасынын маеги үчүн сындаштыАутизмге каршы борбордо сабалган бала боюнча милицияга арыз даярдалууда "Кырк уруу, жети дубан ынтымагынын" үч мүчөсү камалды