Төрт банк чек ара чырында жабыркагандарга жеңилдик берди

Баткен.

Төрт комерциялык банк кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган айрым үй-бүлөлөрдүн насыяларын биротоло кечип, кээ бирине жеңилдик берди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Анда “Компаньон” банкы 2 млн. сомдук гуманитардык жардам көрсөтүп, 17 жарандын насыясын кечип, үч жарандын насыясынын пайызын төмөндөттү.

“РСК” банкы Баткенге 2 млн. 284миң сом которуп, каза болгон бир аскер кызматкеринин насыясы кечкен. Ал эми жараат алган жети аскер кызматкеринин насыясынын пайызы алты айга токтотулду.

Ошондой эле “РСК” чек ара аймактарын колдоо максатында, облустагы Көк-Таш, Максат, Ак-Сай айылынын эли үчүн, 10 млн. сом каражат бөлүп, жеңилдетилген насыя берүү чечимин кабыл алган. Насыя 12% менен, 3 жылдык мөөнөткө, алты ай танаписи жанан жеңидетилген тартипте, ошондой эле комиссиясыз, күрөөсүз берилет.

“Бай-түшүм” банкы чек арадагы окуяда каза болгон эки жарандын жана турак-жайы өрттөлгөн жети жарандын насыясын жойду.

Өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев буга чейин банктардын облустагы өкүлдөрү менен жолугуп, чек арадагы коогада жабыркаган жарандардын насыяларын кечүү же жеңилдик берүү мүмкүнчүлүктөрүн кароону суранган. (МТа)

Дагы караңыз

Мелис Аспековго дагы бир кылмыш иши козголду"Центерра голд" Бөлтүрүктү Канадада сотко бердиСот Азамат Дыйканбаевди 20-июлга чейин камакта калтырдыИзраил менен ХАМАС ок атууну токтотууну сүйлөштү