Eurovision-2021: Аралыктан катышкан Исландия финалга чыкты

Финалдагы мамлекеттер. Алар 22-майда ушул тизме менен сахнага чыгышат.

"Еврокароо-2021" обондуу ырлар сынагынын экинчи жарым финалында Исландиянын ырчылар тайпасы түз катышкан жок. Музыканттардын биринен коронавирус чыккандыктан, алардын ыры алдын ала жаздырылып көрүүчүлөргө сунушталды. Топтун мүчөлөрү башка катышуучулардай жалпы залдагы "жашыл бөлмөдө" отурбай, атайын даярдалган жерде аралыктан видео аркылуу кошулушту.

"10 years" деген ыр менен таймашка чыккан "Daði og Gagnamagnið" тобу финалга жолдомо алды. Популярдуу сынактын экинчи жарым финалы 20-майда болду. Биринчи жарым финал 18-майда өткөн.

22-майда финалга чыккан 26 мамлекеттин ырчылары күч сынашат.

Экинчи жарым финал.

Европалык популярдуу обондуу ырлар сынагы 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам өтпөй калган.

"Eurovision" сынагы - 1956-жылдан бери уюштурулуп келаткан шоу. 2019-жылы Израилде болуп, Нидерланддардан катышкан Дункан Лоуренс жеңген. Эрежеге ылайык, сынак жеңүүчү ырчынын өлкөсүндө өтөт.

Европа телерадиоберүү бирикмесинин түптөөчүлөрү болуп саналган беш мамлекеттин - Британиянын, Франциянын, Испаниянын, Италиянын, Германиянын жана сынакты өткөрүп жаткан өлкөнүн ырчылары түз эле финалга чыгат.