Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Азия чемпионатына катышат

Азия чемпиону, тажрыйбалуу мушкер Азат Үсөналиев (кызыл формачан) менен Ысык-Көл облусунан келген Нуржигит Дүйшөбаев Кыргызстандын чемпионатында. 2020-жыл. Ноябрь айы.

Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында 21-майдан 1-июнга чейин бокс боюнча Азия чемпионаты башталат. Ага Кыргызстандын курама командасы да катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Кыргызстандын курма командасынан алты мушкер күч сынашат. Алар:

1. Мирлан Туркбай уулу, 49 кг;

2. Азат Үсөналиев, 52 кг;

3. Акылбек Эсенбек уулу, 57 кг;

4. Нурадин Рустамбек уулу, 69 кг;

5. Өмүрбек Бекжигит уулу, 75 кг;

6. Эркин Адылбек уулу, 81 кг.

Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы мелдешке бир айга жакын даярданышты. (TSh)

Дагы караңыз

Пара менен кармалды делген Дыйканбаевдин ордуна Догоев келдиКыргызстандык фермер Австралиядан "дорпер"койлорун алып келдиЖалал-Абад: Дарыяларда суу деңгээли көтөрүлүп, кооптуу абал түзүлдү