Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 20-майдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен төрт адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын экөө Бишкекте, экөө Чүйдө катталды.
Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 1729 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 361 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (193) жана Чүй облусунда (96).
Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 101 580 адамга жетти.
Бир күндө 320 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1567 адам жатат, дагы 2461 бейтап үйдөн дарыланууда.
Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, быйыл жазында вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан. (RK)
Дагы караңыз
Артем Новиков кызматынан бошотулуп, Орус-Кыргыз фондуна жетекчи болуп дайындалдыЧек ара аймактарында жарандарга курал берүү мыйзамы коомдук талкууга коюлдуМуфтийликке сынак 21-майга белгилендиЕвробиримдиктин аймагына эмделген гана туристтер кире алат