Депутат кендерди жеке ишкерлерге берүүнү сунуш кылды

Айбек Осмонов

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов Кыргызсандагы кендерди жеке ишкерлерге берүүнү сунуш кылды. Мындай пикирин парламенттин 19-майдагы жыйынында айтып, убагында кендер арзан сатылып, ушул күнгө чейин колдон колго өтүп келатканын белгиледи.

"Жеке ишкерлерге берип, үч жылдык мөөнөт коюп, иштете албаса кайра лицензиясын кыркып салыш керек", - деген Осмонов энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Мелис Сатыбековго кайрылып, кен байлыктары үчүн берилген 115 лицензиянын 10% да иштебей турганын айтты.

Ал лицензияны кайра сатуу жараянында баалар кымбат экенин кошумчалап, мындай жагдайларга кандай чара көрүлүп жатканын сурады.

Сатыбеков берилген лицензиялардын көбү иштебей турганын бышыктап, маселени чечүү жаатында документтер даярдалып жатканын белгиледи.

Геологиялык кызматтын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2500дөн ашык алтын кени бар. Адистер алардын айрымдарында баалуу металлдын көлөмү өтө аз болгондуктан, жеринде өндүрүш ачууга кызыкчылык жок экенин белгилешет.

Жер казынасынын өлчөмү боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматында, 2018-жылга карата өлкө аймагында 46 ири алтын кени бар экени аныкталган. Буга чейин алардагы жалпы алтындын өлчөмү 666 тоннага жакын деп эсептелген.