Боршайком АШКнын Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосун жокко чыгаруу чечимин колдоду

Бишкек, 11-апрель, жергиликтүү кеңештерге шайлоо.

Борбордук шайлоо комиссиясы “Эмгек” партиясынын аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу чечимине байланыштуу арызын карады. Жыйынтыгында аймактык шайлоо комиссиянын чечими күчүндө калды.

АШК 12-майда Бишкек шаардык кеңешине добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган. Буга Кыргызстан элдик демократиялык партиясы (КЭДП), “Эмгек” жана “Ак Бата” партияларынын шайлоодон четтетилгени, алар топтогон добуштар жараксыз деп табылганы негиз болгон.

Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоону жокко чыгаруу тууралуу АШКнын чечимин күчүндө калтыруу талабы менен бир катар партиялардын өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөргөн.

Бишкек шаардык кеңешине соңку шайлоодо жети пайыздык босогодон “Эмгек”, “Ак-Бата”, КЭДП (Кыргызстан элдик демократиялык партиясы), “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ынтымак”, “Биздин Эл” партиялары өткөн. (TSh)

Дагы караңыз

Кыргызстан менен Орусиянын ТИМ башчылары кыргыз-тажик чек ара маселесин талкууладыЖыл башынан бери жол кырсыгынан 17 бала каза болуп, 500дөн ашыгы жараат алдыЧек ара аймактарында патенти жок мигранттарга айып салынат