Өкмөт "Центеррага" бир нече шарт койду | БҮГҮН АЗАТТЫКТА | 19.05.21
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу экенин кабарлады. Мунун алдында Чоң-Алай районундагы талаш тилкеге тажик чек арачылары кирип келгени кабарланган. "Кумтөр Голд" компаниясынын убактылуу башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк ишкананын жамаатына расмий тааныштырылды. Бул арада өкмөт "Центеррага" бир нече шарт койду. Алматыда Кытай консулдугунун алдындагы нааразылык акциясына жүз күн болду. Алар Шинжаңдагы жакындарын бошотууну талап кылышууда.